ИИМ: "Жаңы жыл күнү республика боюнча 94 кылмыштын бети ачылды"

Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 599 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн. Анын ичинен 82си кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Бир күн ичинде жалпы 94 кылмыштын бети ачылды. Жол унаа кырсыктары - 26, каза болгон адамдар жок, 30 адам ар кандай жаракаттарды алган.

"Жалпы республика аймагында оор жана резонанстуу кылмыштар катталган жок. Жаңы жыл түнү тынч өттү. Тартип сакчылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Урматтуу жарандар, массалык иш-чаралардын белгиленген тартибин сактоону, мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранабыз. Ээсиз деп табылган буюмдар же шектүү жарандарды аныктаган учурда, бул тууралуу ички иштер органдарына 102 телефон номерине токтоосуз маалымдоого суранабыз. Милиция кызматкерлери эс алуу күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоого зарыл болгон чараларды аткарышат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bishkek-Kg
2022-01-01 15:58:53
Каргышка калган, ыплас түн!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан