ЖЫЛНААМА, 4-ЯНВАРЬ: Мындан 80 жыл мурун акын, тамсилчи Тоголок Молдо дүйнө салган

Акын, тамсилчи, бир катар насыят, санат, терме ырларынын жана поэмалардын автору Тоголок Молдо (өз аты Байымбет Абдырахман уулу) 82 жаш курагында кайтыш болгон.

Тоголок Молдо 1860-жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн Куртка айылында туулган. Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Ал эми ал жашаган айылга Тыныбек жомокчунун барып, "Манас" айтышы ага өзгөчө таасир калтырган. "Манастан" кулагын түрбөй, кыраакылык менен угуп отурган өспүрүм баланы Тыныбек жомокчу да байкап, өзү менен кошо ала кеткен. Бул Тоголок Молдого бүтүндөй Кыргыз жерин түрө кыдырып, ырчы-чоорчулар менен тыгыз байланышта болуусуна чоң өбөлгө түзгөн.
"Шырдакбек", "Жаңыл Мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" да айтып элди көп кыдырган, санжыра жазган. Кошок ырлары да көп болгон. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары, тамсилдери бар. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон. Акындын ысымы көптөгөн айылдарга, көчөлөргө коюлган жана анын сүрөтү 20 сомдук акча купюрасына түшүрүлгөн.
Баскан-турганын, уккан билгенин кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок Молдо анын баарын 1916-жылкы үркүндө жоготуп жиберген. Анан 1936-жылдан тартып кайра башынан киришкен. “Манастын” өз вариантын да ал өзү кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп айтып калуу жөнүндө Тоголок Молдо эскерген эмес.
Өз доорунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты үчүн кайталангыс чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо 1942-жылы 4-январда өзү туулган Куртка айылында каза болгон.
4-январдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан