Өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды. Анда коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу айыга электе ооруканадан чыгууга туура келгени айтылат.
"Урматтуу мекендештер! Бүгүнкү кырдаал боюнча тактап коёюн. Бул кыйроону карап жүрөгүм ооруп жатат, биз муну башыбыздан өткөрдүк, карапайым калктын деструктивдүү элементтери тарабынан талап-тоноого жана киши өлтүрүүгө, бизнести тоноого кантип жол беребиз? Баары тынчып, өздөрү чечет деп четте карап турсак биз ким болобуз? Азыр жарандардын көпчүлүгү тынчтыкты каалап, боордош өлкө жардам сурап жатса биздин четте турганыбыз туура эмес. Биз аймактагы тынчтык жана туруктуулук үчүн. Мен өз өлкөмдүн бардык жарандарын түшүнөм, баарыбыз тынчсызданып жатабыз. Мени баары туура түшүнөт деп ишенем. Мен да адаммын, абдан тынчсызданып жатам. Бирок азыркы тапта тез жана натыйжалуу аракеттерди жасашыбыз керек…
Өлкө үчүн өтө маанилүү маселени чечүүгө байланыштуу ооруканадан толук айыга элегимде чыгууга туура келди, ооруп калганыма кечирим сурайм, рахмат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-январда Кыргыз аскерлери
Жааматтык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга учуп кетишти.
Белгилүү болгондой, Кант шаарынан Казакстанга 150 аскер жана 19 техника жөнөтүлдү. Жогорку Кеңеш Кыргыз өлкөсүнүн бейпилдик күчтөрүн ЖККУ аркылуу Казакстанга жөнөтүүнү жактырып, андан соң президент аскер кызматкерлерин жөнөтүү боюнча жарлыкка кол койду.