Казакстандын Шымкент шаарында кармалган Кыргыз жарандары бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, кармалган Кыргыз жарандары тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн соң коё берилген.
Буга чейин социалдык тармакта 38 Кыргыз жараны кармалганы жазылган болчу.
Тышкы иштер министрлигинин Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары үчүн ыкчам байланыш телефондору.