"Кумтөр" иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 300 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 30-декабрындагы өкүмүнө ылайык, Ж.К.Оторбаев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага карата 3000 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, мамлекеттин пайдасына 300 000 сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди", - деп билдиришти райондук соттон.
Жоомарт Оторбаев УКМК тарабынан 16-сентябрда "Кумтөр" маселеси боюнча кармалган.