Бүгүн, 11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын жаңы өкмөтү менен жыйын өткөрүп, анда Казакстандагы кырдаалды жөнгө салууда укук коргоо органдарынын салымы чоң экенин баса белгиледи.
"Бүгүн мына ушул кара күндөр артта калды. Мен Ички иштер министрлигинин жоокерлеринин террордук агрессиянын мизин кайтаруудагы эрдигин белгилегим келет. Маселен, Алматыда полициянын чакан тобу эки түн катары менен ИИМдин имаратын басып алууга аракет кылгандардын чабуулдарына каршы күрөштү", - деди Токаев.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.