Ош шаарынын мэри Ош-Бишкек жолуна түз өтүүчү (Т) жолдун долбоору менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, танышуу 11-январда Ош шаарынын Привокзальная көчөсүнөн Ош-Бишкек унаа жолунун 660-чакырымына чейин болду.
"Ош шаарынын башкы планына ылайык, бир катар долбоорлор каралып жатат. Анын ичинде Привокзальная көчөсүнөн Увам жана Үч-Кунан каналдары аркылуу «Т» формасындагы жолго чыгуучу жолдун долбоору да бар. Шаар башчы калаадагы автоунаалардын көбөйгөнүн эске алуу менен бул долбоордун айланасында активдүү иш алып барууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Долбоор экинчи борбордогу жол тыгынын жоюуга багытталып, Ош шаарын өнүктүрүүнүн алкагында башкы планга ылайык иштелип чыгууда", - деп жазылат маалыматта.