реклама
super.kg logo

Акылбек Жапаров "Дордой" соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугушту

 

Мининстрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Дордой" соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети тарабынан жаңы салыктар киргизилген жок, буга катар эгерде товар жүгүртүү 8 миллион сомго жетпесе, ишкер салык төлөөдөн бошотулат деген ченем орун алган.

"Биз өлкө ичинде жана анын аймагынан тышкаркы товарларды эсепке алуу жана анын кыймылы тутумуна ээ болуу үчүн фискалдаштырууну жана санариптештирүүнү киргизүүдөбүз. Бул биздин жеке каалообуз эмес, бул рыноктун жана замандын талабы. Биз диалогго даярбыз, сиздер үчүн да, биз үчүн да ыңгайлуу алгоритмге келели", - деди ал.

Акылбек Жапаровдун айтымында, маалыматтык-түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн максаты туура эмес чечмеленүүдө.

"Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз, эсеп бардык жерде болушу керек, бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга жардам берет", - деп кошумчалаган ал.

Ишкерлер маалыматтык-түшүндүрүү иштери төмөнкү деңгээлде жүргүзүлгөндүгүнө макул болушту.

Алар билдиргендей, контролдук-кассалык машиналарды киргизүүдө чекене жана дүң соода сегментин, ошондой эле сатылуучу товардын өзгөчөлүгүнөн келип чыгып, алынуучу маржаны эске алуу зарыл.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле "Дордой" соода-рынок комплексинин ишкерлеринен турган жумушчу топту түзүү зарылдыгы тууралуу пикирге келди. Алар чакан бизнес үчүн контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн жеке шарттарын биргелешип иштеп чыгышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
184532;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: