"Алгач өзүбүзгө ишене алган жокпуз...". "Акыркы сабак" сериалындагы каармандар конокто

Азыркы учурда интернет желесинде Руслан Акундун "Акыркы сабак" аттуу сериалы кызуу талкуу жаратып, ошол эле учурда көп көрүүчү топтой алды. Бүгүн аталган сериалдын башкы каармандары менен маектештик. Актёрлор сериалга кантип тартылып калгандыгы туурасында жана кызыктуу учурларын айтып эфирибизди шаңга бөлөштү.
"Биз сериалга кастинг аркылуу өттүк. Алгач өзүбүзгө ишене алган жокпуз, кантип эле кастингден өттүк деп. Мен үйдөгүлөргө айтканымда "режиссёрлор урушат, алардын жини бат келет" дешкен мен ошентип эртеси өзүмдү ошол нерсеге даярдап баргам. Мени урушат, кыйкырат деп барсам эле Руслан байкебиз акырын айтып муну мындай кылсаң эле сонун болот деп акырын түшүндүрүп койду дейт", - тасмада Перинин ролун жараткан Океана Урматбек.
"Мен дагы кастингден өтүп сериалга тартылып калдым. Менин кесибим актёр болгондуктан бул ролду аткаруу анча кыйындыкка турган жок. Кызыктуу учур болсо баары эле алгачкы сериалыбызды көрсө керек ошондо мен өзүнчө басып келип топ балдардын ар бирин карап андан соң "Урмат деген ким" деп айтышым керек эле, бирок ошол учурда Айба деген ким деп өзүмдүн атымды айтып алган учур болду. Бирок мен бул жерде мындай ролду аткарган болсом жашоодогу Чыңгызбекке такыр дал келбейт. Анан дагы айта кетчү нерсе Руслан Акун агабыз менен иштешүү биз үчүн абдан жеңил болду дейт", - тасмада Айба братандын ролун жараткан Чыңгызбек Калыбек уулу.
"Мен башында башкы каарман болуп калам деп такыр ойлогон эмесмин. Андан соң эле башкы каарманды ойнойсуң дегенде таң калдым. Мен аткара аламынбы же актёрлук чеберчилигим жок болсо деп корктум. Бирок аракет кылдым. Тасмага тартылганга чейин мен сабакка, билим алууга анча кызыкчу эмесмин, тасмага тартылгандан соң оюм өзгөрдү баары бир билимдүү адам башкача болот экен дейт", - тасмада Урматтын ролун жараткан Кутман Айылчиев.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.
“Акыркы сабак” сериалындагы каармандар конокто
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2022-01-13 17:43:26
Океана Манас университет с нами❤️
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан