Дастанбек Жумабеков кийинки аптада министрлер кабинетинин маалыматын угууну сунуштады

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков кийинки аптада министрлер кабинетинин маалыматын угууну сунуштады.

"Кийинки аптада министрлер кабинетин чакырып, коронавирус боюнча, жазгы талаа иштери боюнча маалымат угалы. Шайлоочулар менен жолугуп келдик. Комитеттердин бардык толук мүчөлөрү чогулуп ушул маселелерди угалы. Суроо берели. Коронавируска каршы кандай чаралар жүрүп жатат? Парламенттен кандай жардам керек?" - деди Жумабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан