Бүгүн, 13-январда Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучулары арасындагы предметтик олимпиаданын ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев, мугалимдер жана мектеп окуучулары катышты.
"Олимпиада 2 тур менен өтөт. Анда шаардагы 22 мектептен барган 492 окуучу, 10 предмет боюнча күч сынашат", - дешти мэриядан.
Белгилей кетсек, шаардык олимпиаданы жеңип чыккан окуучулар облустук олимпиадага жолдомо алат.