Орусиялык "Голос" шоусунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү Александр Волкодав өлкөгө келди

Орусиялык "Голос" шоусунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон мекендешибиз Александр Волкодав өлкөгө келди. Ырчыны жакын достору "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алышты.

Буга чейин орусиялык "Голос" шоусунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон мекендешибиз Александр Волкодав сезимдери менен бөлүшүп, социалдык тармактагы баракчасына ою топтолбой жатканын жазып калтырган.

"Долбоордун насаатчысы Пелагеяга, анын апасы Светлана Геннадьевнага, ошондой эле вокал мугалимиме ыраазычылык билдирем. Эмоцияларымды туура айтып берүүгө дагы эле сөз таба албай жатам, бардык ойлорумду чогултууга бир аз убакыт керек. Бир аз убакыт бергиле, өзүмө келип алайын. Пелагеянын мыкты командасынын намысы корголду. Бул биздин жалпы жеңишибиз", - деп жазган Александр Волкодав Instagram баракчасына.

Эскерте кетсек, Александр Волкодав декабрь айынын башында "Голос" шоусунун кийинки туруна өткөн. Ал "ЧиЖ & Со" тобунун "Полонез" ырын аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2022-01-13 23:08:33
Азаматсын,дагы бир азамат олконун атын чыгарып келди!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан