Бишкек эркин экономикалык аймагында эки ири завод ачылат. Бул тууралуу "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек эркин экономикалык аймагындагы иштетилбей турган участокторго жыл ичинде 1 миллион доллардан ашуун инвестиция салып, завод жана фабрикаларды ачкан инвесторлорго ижара акылары төмөндөтүлгөн.
Тактап айтканда объектинин курулушу аяктаганга чейин, 1 жылга бекитилген ижара акысынын 1 пайызын гана төлөө бекитилген. Анын натыйжасында эки ири инвестор тартылып, эки өндүрүштүк ишкана - металлургиялык комбинат жана тери сырьесун жана булгаары буюмдарды кайра иштетүүчү завод курула турган болгон.