Суунун агып чыгышы кыйла көп. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү канча метр кубду түздү?

17-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 596 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"5-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 596 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 147 метр куб, агып чыгышы 552 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Былтыр, 2021-жылдын 17-январында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 400 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан