ЭЛДИК КАБАР: Окурман Алайдын Согонду айылында электр жарыгы түндө өчүрүлүп жатканынын себебине кызыкты

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылынын тургуну кайрылды.

Жергиликтүү тургун Согонду айылында 3 күн катары менен түндө электр жарыгы өчүрүлүп жатканын айтып, себебин билүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

"Биз Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылынан болобуз. Бизде түндөсү электр жарыгы өчүрүлүп, эртең менен саат 07:30-08:00дө күйүп жатат. Бул тургундар үчүн бир топ ыңгайсыздыкты жаратып жатат", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан