Бишкекте кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн Ленин районуна караштуу Бөкөнбаев көчөсүндө «Ала-Арча» дарыянын жанындагы кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, кудуктун ичинен жансыз денени алып чыккандан кийин ал 41 жаштагы А.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталды.
Маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.