Эртең, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 2 маселе каралат.
1. Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);
2. Министрлер кабинетинин социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы.