Баткен облусун өнүктүрүүгө жыл сайын 500 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев активисттер жана Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселесин активдүү чагылдырган ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту. Анда суроо, жооптор болуп, келечекте облусту өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды.

Кеңешменин жүрүшүндө Арзыбек Кожошев белгилегендей, облуска өзгөчө макамдын берилиши бизнести өнүктүрүүгө мүмкүндүк берип, жумушчу орундарды жогорулатып, аймакты өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.

"Мыйзамга ылайык, облус аймагында атайын жеңилдетилген салык жана инвестициялык режим иштейт. Атап айтканда, ишкерлер салыктын айрым түрүнөн - кирешеге салык жана сатыктан түшкөн салыктан бошотулат, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча мүлккө карата салыктан жана жер салыгын төлөөдөн бошотулат", - дейт ал.

Жолугушуунун соңунда Арзыбек Кожошев активисттерге жана Баткен облусун өнүктүрүү маселесин активдүү чагылдырган ЖМК өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, облусту өнүктүрүү программасы кабыл алынган, анын алкагында Баткен облусун өнүктүрүү максатында жыл сайын 500 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан