Чүйдө чек арачылар илбирстин терисин аныкташты. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашат.
"Чек арачылар Чүй облусунун Чалдыбар айылынын Казакстан менен чектеш аймактарына көз салуу учурунда, мамлекеттик чек араны көздөй мүшөк көтөрүп бара жаткан эркек адамды байкашкан. Чек арачылар шектүү жаранды кармоого аракет көрүшкөндө, ал мүшөктү чек арадан алыс эмес жерге ыргытып качып кеткен.
Мүшөктөн илбирстин териси жана баш сөөгү табылды. Учурда шектүү жаранды аныктоо, кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Тиешелүү иш кагаздары толтурулуп, илбирстин териси жана баш сөөгү мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.