Армениянын президенти Армен Саркисян кызматтан кеткенин жарыялады

Армениянын президенти Армен Саркисян отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Армениянын президенти Армен Саркисян расмий сайтында билдирүү жазып, анда төрт жыл иштегенден кийин кызматтан кетүүнү чечкенин жарыялады.

"Бул таптакыр эмоционалдык чечим эмес жана анда белгилүү бир логика бар. Өлкө президентинде ички жана тышкы саясатта мамлекет жана улут үчүн эң маанилүү маселелерге таасир эте турган керектүү шаймандар жок. Өлкөбүз үчүн ушундай оор мезгилде, улуттук биримдик керек болуп турганда, президенттик институт ушак-айыңдардын бутасына айланды. Муну менен коомчулуктун көңүлүн эң маанилүү маселелерден башка жакка бурбоо керек", - деп жазылат билдирүүсүндө.
Ошондой эле ал элине, чет жерде жүргөн мекендештерине жана армиянын жоокерлери менен офицерлерине, мамлекеттик органдарда эмгектенген бардык кесиптештерине ыраазычылык билдирген.
Айта кетсек, Армениянын президенти Армен Саркисян 2018-жылдан тарта президенттик кызматты аркалап келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Munir81
2022-01-24 10:59:39
Биринчи жолу угушум ушул президенти пашинянго бардык жерде
-1
AdylbekB84
2022-01-24 16:29:08
Munir81,Пашинян премьер
0
Tyttty1990
2022-01-25 10:17:09
Аа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан