Коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча 22 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда кыргыз мушкери Жакшылык Тилек уулу тажикстандык атаандашы Хусравхон Рахимовго каршы орой беттеш алып барганы үчүн Азия чемпиондугунан четтетилди.
Маалыматка ылайык, 57 килограмм салмакта катышкан Жакшылык Тилек уулу тажикстандык атаандашы менен чейрек финалда кез келген. Анда кыргыз мушкери алгач биринчи бөлүктө атаандашын тээп жиберсе, үчүнчү бөлүктүн аягында сүзүп жиберген.
Мындан улам калыстар беттешти токтотуп, жеңишти тажикстандык мушкерге ыйгарышкан. Негизги калыс жеңүүчүнүн колун көтөргөндөн кийин дагы кыргыз мушкери атаандашын түрткөнгө жетишкен.