Ошто кичи автобустардын каттамдарын мобилдик тиркемеге туташтыруу пландалууда

Ошто жаз мезгилинен тарта бардык маршруттук каттамдарды мобилдик тиркемеден көрүүгө болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Ага ылайык, жаз айларына карата калаадагы бардык кичи автобустарга GPS-навигаторлору орнотулуп, мобилдик тиркемеге туташтырылат.
"Учурда №125, 135, 107 маршруттук линиялардын кичи автобустары “MiniBus” тиркемесине туташтырылып, алардын иши онлайн көзөмөлдө. Жакынкы күндөрү бул системага №143, №108, №118 каттамдарды кошуу пландалууда. Ал эми жаз айларына карата калаадагы бардык кичи автобустарга GPS-навигаторлору орнотулуп, мобилдик тиркемеге туташтырылат. Мындан сырткары айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу кечки саат 20:00дөн кийин каттаган кичи автобустардын саны 2 эсеге көбөйдү", - деген жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Мунарбек Тургунбаев.
Эскерте кетсек, Ош шаарында күн сайын 650-700гө жакын кичи автобустар 45 каттамда жүргүнчүлөрдү ташыйт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2022-01-25 11:54:58
Мобилдик тиркеме туташтырсан да,ал иттер оз убагында каттабаса толк жок да.Жол акыны которгуло,биз кечке чейин иштейбиз ,кыйратабыз деди эле,ошол эле корунуш.Маршрутка жок,элдер чогулуп сааттап кутуп турмай суукта
0
IOA
2022-01-26 09:08:13
Жакшы болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан