Орусияда белгилүү блогер Хизага издөө жарыяланды

Орусиянын Ички иштер министрлиги дагестандык Хиза каймана аты менен таанылган белгилүү блогер Хизри Запировго федералдык издөө жарыялады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, полиция аны алдамчылык беренеси боюнча издеп жатат. Учурда блогердин кайда жүргөнү белгисиз. Анын жакындары дагы байланышка чыга элек.

Хизри Запировдун инстаграм баракчасында дээрлик 8 миллионго чукул катталуучусу бар. Ал негизинен пранктарды, ошондой эле унаа темасындагы видеолорду тартат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан