Чек арадагы атышуу: ЖККУнун башкы катчысы тараптарды ок атышууну токтотууга чакырды

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась тажик жана кыргыз тараптарды чек арадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Станислав Зась Тажикстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары Насрулло Махмудзода жана Марат Иманкулов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди. Өз кезегинде УКМК Тажикстан Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу талабын аткарбай жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nursul
2022-01-27 23:10:29
Ооздору менен айтып коюп оюнда экөө согушуп кетсе экен куралдарыбызды сатып калалы деп атышкан чыгар булар.
+4
Bishkek-Kg
2022-01-27 23:18:06
Тажиктер жккуну урупда ойнобойт, биздикилер сразу токтотуп салышат коркоктор!!!
+4
Munir81
2022-01-27 23:53:53
Комментарийге озунордун туура эмес ойунарды жаза бербегиле ошончолук зор болсонор келгиле баткенге атышып анан суйлогуло жонелегерой Боло бербей
+4
Gulnur1985
2022-01-28 00:25:55
Munir81,аял башым менен барып согушкум келип жатат
+1
Munir81
2022-01-28 00:47:25
Gulnur1985,сизге Рахмат эркектерда сиздей болсо экен биз баткен Эли аялдарыбызды мекенибизди коргоп алабыз иншаллах
+2
suban78
2022-01-28 00:55:20
Патриотторбуз деп кыздарга кучун чыгаргандар кайда журот. Мындайда куйругун кыпчып кепесине кирип бекинип жатып алышат коркоктор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан