Тажикстан тараптын миномёт менен аткылоосунан улам Кыргыз жаранынын үйү өрттөндү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.
"Чек ара кызматынын жетекчиси Шаршеев тажик тарап ок атууну токтотпой жаткандыгын жана чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келип жаткандыгын билдирди. Саат 23:00гө карата тажик аскер кызматкерлери кыргыз аскер кызматкеринин жайгашкан жерин көздөй маал-маалы менен ок атып жатышат. Ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде дагы деле ок атышуу уланып жатат.
Тажик аскер кызматкерлери Көчө-Бою жерлигиндеги ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери жайгашкан жакты көздөй миномёт менен атышкандыгынан Кыргыз өлкөсүнүн жергиликтүү жашоочусунун үйү өрттөнүп кеткен", - деп жазылат билдирүүдө.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.