Нидерландынын Роттердам шаарында Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун 485 миллион долларлык яхтасы океанга сүзүп чыгышы үчүн тарыхый Конингшавен көпүрөсүнүн борбордук бөлүгү бузулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Безостун яхтасы 1878-жылы курулуп, 1940-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бомбалангандан кийин кайра курулган Конингшавен көпүрөсүнүн астынан өтө албайт. Яхтаны курган кеме куруучу завод жергиликтүү кеңешке Безостун 40 метр бийиктиктеги яхтасы океанга өтө алышы үчүн көпүрөнүн ортоңку бөлүгүн алып салууну суранган.
Көпүрөнү бузуу көпчүлүк жергиликтүү тургундардын кыжырын келтирген. Бирок шаар мэриясы көпүрө кайра калыбына келтирилерин убада кылган.