Украинада эркек киши аялынын жана досунун көзүнчө муздун алдындагы сууга секирди (видео)

Украинанын Днепропетровск облусунун Никополь районунда 38 жаштагы эркек киши Чертомлык дарыясына секирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал муздун астындагы сууга секирип, кайра чыккан эмес. Кырсыктын видеосу интернетке жарыяланды. Кырсык сууга секирген эркек кишинин аялынын жана досунун көз алдында болгон. Алар анын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн видеого тартып алышкан.

Сууга секирген адамдын сөөгүн жанындагылар дароо таба алышкан эмес. Жансыз дене бир күндөн кийин гана дарыянын жээгинен 20 метр алыстыкта, төрт метр тереңдиктен табылган.

Буга чейин Орусиянын Ленинград облусундагы Оредеж дарыясында каргашалуу окуя катталганы кабарланган. Анда 40 жаштагы аял үй-бүлөсүнүн, анын ичинде жаш балдарынын көзүнчө сууга секирген.

Украинада эркек киши аялынын көзүнчө сууга секирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан