Elite House'тун башкы директору Руслан Нармедов: "Кыймылсыз мүлккө инвестиция кылуу - ар дайым кирешелүү!"

Инвестиция - бул узак убакытка болгон каражат. Туура инвестиция кылуу - туруктуу кирешенин кепилдиги. Банкка акча салуу, акция сатып алуу же кыймылсыз мүлктү сатып алуубу? Кыргызстанда бул тандоо баарына белгилүү болгондой көрүнөт.

Кыргызстанда инвестиция кылуу маданияты жетиштүү деңгээлде өнүгө элек. HeadHunter команиясынын жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, кыргызстандыктардын 62% инвестиция кылууга аркет кылгысы келет, бирок тобокелдикке баруудан коркушат. Ал эми 13% муну пайдалуу деп эсептешпейт. 26% гана жашоосунда жок дегенде бир жолу кандайдыр бир инвестиция кылып көрүшкөн. Бул тууралуу Economist.kg булагы жазган. Белгилеп өтчү жагдай, 26% инвестиция салуу тажрыйбасы бар жарандардын 33% кыймылсыз мүлккө инвестиция кылышкан.

Кыймылсыз мүлккө инвестиция кылуу пайдасы, батирлердин баасы жана кыймылсыз мүлк рыногунда мындан ары эмнелерди күтүүгө болору тууралуу биз Elite House курулуш компаниясынын башкы директору Руслан Нармедов менен маектешебиз.

- Руслан мырза, азыркы учурдагы кыймылсыз мүлк рыногуна кандай баа бересиз? Кандай өзгөрүүлөр болууда?

- Белгилүү болгондой, адамдын негизги тамак-аш, кийим-кече, албетте, үй муктаждыктары бар. Кыймылсыз мүлк рыногу туруктуу жана анын үстүнө өсүү тенденциясы бар. Эгерде конкреттүү Бишкек шаарын алсак, башка аймактардан келгендердин агымынан улам турак жайга болгон муктаждык тынымсыз өсүүдө. Ошондой эле бул талап коммерциялык жайларга да тиешелүү.

- Доллар акыркы күндөрү туруксуз болуп жатканын эске алганда, сиздин оюңузча, кандай себептерден улам кыймылсыз мүлккө инвестиция кылуу пайдалуу?

- Биздин командада ич ара кыймылсыз мүлктү туруктуу валюта деп атайбыз, анын конкреттүү негиздери бар. Бул ар дайым суроо-талапка ээ болгон туруктуу актив, анткени баасы салыштырмалуу туруктуу. Рыноктогу жана бүтүндөй дүйнөдөгү бүгүнкү жагдайларды эске алып, кардарларыбыз үчүн пайдалуу акцияны жарыяладык. Биз сатып алуучулар үчүн АКШ долларынын курсун 85 сомго бекиттик. Бул акция бир гана ушул жылдын 15-мартына чейин созулат. Өзүңүздөр билгендей, бул эки жума мурунку эски курс.

- Кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу пайдалуу? Жаңы турак жайбы же экинчи ээликтеги турак жайбы?

- Реалдуу фактыларды карап көрсөк – экинчи ээликтеги турак жай даяр продукт, чындыгында ал өзүнүн касиеттерин көп өзгөртпөйт. Ал эми анын баасы аздыр-көптүр туруктуу, баасы көп деле көтөрүлбөйт жана кескин арзандабайт.

Эгерде биз жаңы турак жай жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда сиз курулуп жаткан үйдөн батирди же коммерциялык жайларды даяр имаратка караганда бир топ төмөн баада сатып ала аласыз. Сиз баа айырмасы менен пайда таба аласыз же жөн гана акчаңызды үнөмдөсөңүз болот. Андан тышкары курулуп жаткан турак жайды сатып алуу менен сиз жаңы объектке инвестиция кылган болосуз. Анын кызмат мөөнөтү дагы узагыраак, болжол менен 100-150 жыл. Буга кошумча эң жакшы жерлерге, жаңы инфраструктурага инвестиция кыласыз. Жыйынтыгында сиз толугу менен жаңы мүлккө ээлик аласыз, ал келечекте наркын кымбаттатып, ар жыл сайын баалуулугун жогорулатат.

Айтмакчы, биздин компанияда кардарлар «Асанбай Ордо» турак жай комплексиндеги кыймылсыз мүлктү курулуп жаткан учурунда 1 чарчы метрин 550 доллардан сатып алып, аны үч жылдын ичинде 800-850 долларга кайра саткан реалдуу учурлар бар. Тактап айтканда, 2-3 жылдын ичинде сизде ар бир чарчы метрден 200-300 доллардан пайда табуу мүмкүнчүлүгү бар.

Биздин бүтүп жаткан үйлөрүбүздө сатыкка бош батирлер же коммерциялык жайлар дээрлик жок экенин белгилегим келет. Алар баштапкы котлован стадиясында эле сатып түгөтүлөт. Бул кардарлардын биздин брендге, биздин компанияга болгон ишенимин билдирет. Биз аны чындап терең баалайбыз.

- Кыргызстанда курулуш компанияларынын саны жетиштүү деңгээлде көп. Атаандаштардан кантип айырмалана аласыздар? Эмне үчүн кардарлар сиздин компанияңызды тандашат?

- Биз кардарга өнөктөш катары мамиле кылууга өзгөчө басым жасайбыз. Өзүбүз жашагыбыз келгендей кыймылсыз мүлк курабыз. Жаңы продукт жаратып жатканда бир гана сатуучу катары кызыкчылыктарды эске албастан, турак жайда келечекте жашай турган акыркы колдонуучунун кызыкчылыктарын өзгөчө эсепке алабыз.

Андан кийинкиси бул мүлк сапаты. Биздин компанияда курулуш материалдарына жана курулуш иштерине көп кырдуу көзөмөл жүргүзөт. Бул көзөмөл долбоордун автору, подряддык ишкана, биздин компания жана мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Мындан тышкары биз сырттан көзөмөлдөгөн дүйнөлүк деңгээлдеги көз карандысыз аутсорсинг компанияларын ишке тартабыз. Ошентип өзүбүздү өзүбүз камсыздандырып, продукциябызга ар тараптан көз чаптырып, сапаты айтылган талаптарга жооп бергендей кылабыз.

Биздин компаниянын артыкчылыктары жөнүндө айта турган болсом, өзүбүздүн курулуш объектилери үчүн тандап алган жайгашуу жерлерин да белгилемекмин. Бул шаарыбыздагы эң мыкты локациялары. Борбордук райондор, ошондой эле жогорку шаар бөлүктөрү (Асанбай). Ал жакта таза аба, өнүккөн инфраструктура, кең жолдор жана ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар бар.

Мындан тышкары кардарларыбызга кам көрүү максатында биз башкаруучу компанияны түздүк. Бул компания бир нече жылдан бери иштеп келе жатат. Башкаруучу компаниясы биздин кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн түзүлгөн жана биздин көзөмөлүбүздө иш алып барат. Бул тазалоо, үйдү тейлөө жана аны эксплуатация кылуу боюнча кызматтар. Биздин кардарлар үй алганда, жалгыз калышпайт, биз аларга тиричилик боюнча жардам берип, өмүр бою биздин комплекстерде жашап келгенче колдоо көрсөтүп турабыз.

Андыктан урматтуу кыргызстандыктар, тандаңыз, ойлонуңуз, бирок шек санабаңыздар, кыймылсыз мүлккө инвестиция кылуу эң эле кирешелүү!

Elite House курулуш компаниясы турак жай сатып алууда баштапкы төлөм үчүн АКШ доллар курсун 85 сомго бекитет.
Шашылыңыз бул сунуш 2022 жылдын 15-мартына чейин гана актуалдуу!
Толук маалымат 0(555)555-555 номери боюнча.

Elite House – учурду куруп, келечекти жаратабыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан