Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жамангулов ири суммадагы алдамчылыкка айыпталып кармалган.
Иштин башка жагдайлары тууралуу кийинчерээк кеңири маалымат берилерин билдиришти.