Кыргызстандык
Марина Клюг 16-24-ноябрда Кытайдын түштүгүндө жайгашкан Хайнань аралында өткөн эл аралык сулуулар сынагында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу "Inter alliance KG" компаниясы билдирди.
Марина Клюг 2011-жылы “Дүйнөдөгү яхта сулуусу-2013” сынагына катышып, "Мисс талант” наамын жеңип алган. Сулуулар сынагынын тизмесинин башында Кыргызстан, андан кийин Кытай, Македония, Түштүк Африка жана Литва турат.
Маалыматка ылайык, аталган компания тарабынан “Дүйнөдөгү яхта сулуусу-2013” сынагына эки жолу катышуучу жөнөтүлгөн.