Ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн: Бала бакчаларда тамактанууну онлайн төлөсө болот

«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы мурункудан ыңгайлуу жана функционалдуу боло баштады. Капчыктын колдонуучулары 2 000ден ашуун түрдүү сервистерди төлөй алышат жана бул сан дагы өсүшү мүмкүн.

Эми тиркемедеги кызматтардын электрондук каталогу аркылуу Бишкек шаарынын мамлекеттик бала бакчаларындагы тамактанууну оңой төлөөгө болот. Мындай пайдалуу мүмкүнчүлүк менен ата-энелер мекемелердин кызматкерлерине накталай акча берүүнүн же төлөөнүн башка ыкмасын издөөнүн кажети жок, анткени төлөмдү дароо смартфондон онлайн жүргүзсө болот.

Бала бакчаларда тамактанууну кантип төлөсө болот?

  1. Google Play же App Store платформаларынан «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз.
  2. «О!Деньги» бөлүмүн, андан кийин «Билим берүүнү» ачыңыз.
  3. «Бишкек шаары, Мам. балдар бакчасын» ачыңыз, районду тандаңыз.
  4. Берилген квитанциядагы өздүк эсеп менен сумманы киргизиңиз.
  5. Телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан төлөңүз.

Кененирээк маалымат видеоинструкцияда.

Муну менен катар «Мой О!» тиркемесинде керектүү сумма менен күндү белгилөө менен төлөмдүн ай сайын убагында келип туруусу үчүн автоматтык төлөмдү ырастап койсо болот.

Тиркеме тууралуу

«Мой О!» тиркемеси – бул «О!Деньги» капчыгын, О! абонентинин жеке кабинетин жана «О!Маркет» маркетплейсин бириктирген санариптик экотутум.

«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:

  • О! номерин башкаруу жана жакындардын балансына кам көрүү;
  • 2 000ден ашуун сервистерди телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан онлайн төлөө;
  • Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Украинанын банктарынын капчыктарын жана карталарын толуктоо;
  • 10%га чейин кешбэкке ээ болуу;
  • Капчыктагы каражаттарды O!Store дүкөндөрүнөн накталай акчага айландыруу;
  • «О!Деньги» капчыгын О! Мобилдик операторунун 3 000 төлөм терминалдарынан комиссиясыз толуктоо;

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитенти – «Дос-Кредобанк» ААК, КРУБ лицензиясы: №037.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан