Бишкекте “Оозеки салттык аспаптык музыка. Кыргыздын музыкалык аспаптарынын антологиясы” аталышындагы китептин бет ачары болот

2013-жылдын 29-ноябрында Бишкектеги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык Академиясында “Оозеки салттык аспаптык музыка. Кыргыздын музыкалык аспаптарынын антологиясы” аталыштагы китептин бет ачар аземи болот. Бул тууралуу уюштуруу тобунун өкүлү Бермет Нуруева “SUPER.KG” маалымат порталына билдирди. 
Анын айтымында, бул долбоордун максаты улуттук музыка аспаптарын сактоо жана аны өнүктүрүүгө багытталып, антологияга кыл кыяк, жыгач ооз комуз, темир ооз комуз, сурнай, чоор, жетиген, керней, чопо чоор, сыбызгы, добулбас аспаптары тууралуу маалыматтар киргизилген. Бул китеп эки тилде басып чыгарылган.
Ошондой эле бул салтанатта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Нурланбек Нышанов, Жусуп Айсаев, Акылбек Касаболотов, Толгонай Осмонованын аткаруусундагы күүлөр камтылган “Залкар комузчулар” аталышындагы документалдуу тасма көрсөтүлөт. 
Кошумчалай кетсек, бул салтанатты өткөрүү демилгеси “Борбор Азия – Арт Менеджмент” коомдук фондуна таандык. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан