Бириккен улуттар уюму "Кумтөр" алтын кени тууралуу билдирүү жасады

Бириккен улуттар уюму (БУУ) Кыргызстан менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы "Кумтөр" алтын кени тууралуу түзгөн келишим боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган уюмдун башкы катчысынын орун басары журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйында Кыргыз өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы тынчтык келишимине кол коюлгандыгы БУУ тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди.

"Кумтөр боюнча эки өлкөнүн тынчтык келишими бул маселе эл аралык коммерциялык укуктук негизде чечилгенин көрсөтүп турат. Бул Кыргызстандын БУУнун мүчөсү катары берилгендигинин жакшы далили. Эки өлкө ортосундагы маселе тынчтык келишими менен укуктук талаада чечилгени дүйнөлүк коомчулукта чоң роль ойнойт ", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасап, анда "Кумтөр" алтын кени толугу менен Кыргызстанга өткөнүн белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан