Путин Жириновский менен коштошту

Орусиянын президенти Владимир Путин Владимир Жириновскийди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдиришти.

Ал Жириновскийдин табытына гүл коюп, коштошту.

Саясатчы Владимир Жириновский 6-апрелде 75 жашында Москвада каза болгон. Ал февраль айынын башында коронавирус менен Москвадагы клиникалык ооруканага жаткырылган.

25-мартта жалпыга маалымдоо каражаттары Жириновскийдин коронавирустан каза болгонун жаңылыш кабарлашкан. Андан кийин Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин анын өлүмүн дароо четке кагып, партия Жириновскийдин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп кабарлаган маалымат каражатын сотко берерин билдирген. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги анын абалын туруктуу деп баалаган.

Владимир Жириновскийдин цитаталары шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан