Бүгүн Баткенде кыргыз-тажик делегациялары кеңири курамда жолугат

Баткенде кыргыз-тажик делегациялары кеңири курамда жолугат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-апрелде чек арада абал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өтүп, атышуулар катталган эмес.

Түндө саат 04:00 чамасында Баткен жана Согди облустарынын башчылары жана эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугуп, аскер техникаларын жана кошумча куралдуу күчтөрдү жаңжал чыккан аймактан алып чыгып кетүүнү сүйлөшүшкөн.

Ошондой эле бүгүн саат 11:00дө Лейлек районунда ок атышуу орун алган жерде эки өлкөнүн делегациялары кеңири курамда жолугууга макулдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан