Ош шаарында троллейбустардын үчүнчү линиясын ишке киргизүү пландалууда

Ош шаарында троллейбустардын үчүнчү линиясын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 13-апрелде Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов электр коомдук транспортун модернизациялоо долбоору менен таанышты. Долбоордо троллейбустардын үчүнчү линиясын ишке киргизүү, троллейбустарды, электробустарды сатып алуу, тиешелүү инфраструктуралык курулуштарды, заряддоо станцияларын куруу жана автобазаны модернизациялоо камтылган.

Таанышуу учурунда мэр бул линиянын шаардын батыш тарабындагы калк үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Долбоорго ылайык, бул линиянын узундугу бир тарапка 6,3 чакырымды түзүп, каттам шаардын калк жыш жайгашкан Араванская, Западный, Кулатов, Анар, Ак-Тилек кичи райондору аркылуу өтөт.

Учурда бул боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына арыз берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан