"Паспортумдун чиби түшүп калды" дейт окурман. Калкты тейлөө борборунун жообу

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургуну кайрылды. Окурман паспортунун чиби түшүп калганын айтып, бул маселенин чечилишине жардам берүүнү суранды.

"Сапатсыз жасалган паспортумдун (ID-карт) чиби түшүп калыптыр, эми ким жооптуу болот? Же скотч менен чаптап, андан ары колдоно берсем болобу?" - дейт окурман.

Калкты тейлөө борбору менен байланышканыбызда, басма сөз катчы буларга токтолду.

"Эгер паспорттун чиби түшүп калса аны алмаштыруу керек. Скотч же башка нерселер менен чаптоого болбойт. Паспорттун чиби сапатсыз жасалган эмес. Атайын сыноодон өткөн. Ал колдонуудан көз каранды", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан