реклама
super.kg logo

Кайгуул кызматкери менен чырдашкан деген депутат Айгүл Айдарова окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Буга чейин Милициянын кайгуул кызматкери менен Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарованын ортосундагы кайым айтышуу орун алганы тууралуу видео тараган. Маалымат интернет желесине жайылгандан кийин кайгуул кызматкери ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен кызматтан алынганы белгилүү болду.


Ал эми эл өкүлүнө байланышканыбызда окуя боюнча буларды билдирди. Айтымында, ал 4-апрель күнү саат 23:30дар чамасында Чыгыш-5 кичи районунан үч баласы, келини жана бир досу менен ифтардан үйүнө келе жаткан. Ал эми унаа апасыныкы болгон.

"Чүй кең көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө бурулуп, пульт менен дарбазаны ачкандан кийин күзгүдөн кайгуул кызматкерлеринин унаасы фарасын күйгүзүп жатканын көрдүм. Короого кирердин алдында мен кандай эреже бузганымды тактоо үчүн токтодум. Жылмайып, эмне болгонун сурадым. Мага кайгуул кызматкери менин унаамдын бурулуш сигналы иштебей жатканын айтты. Рахмат айтып, "эртең оңдотуп алам" деп жооп бердим. Ал документтерди көрөйүн деп суранды. Мен макул болдум. Бул учурда ал мени бир жерден көргөнүн айтты. Мен 10 жылдан бери тергөөчү болуп иштегендиктен мени милиция бөлүмүндө көрүшү мүмкүн экенин билдирдим. Ал менин депутат болгонумду тактады. Мен ооба деп жооп бердим.

Ал арада унаадагы балдар ызы-чуу түшүп, ыйлай башташты. Кызматкерден балдарды тынчтандырып, үйгө жеткирүүгө убакыт берүүсүн, анан документтерди көрсөтөйүн деп сурандым. Ал макул болду, бирок айдоочулук күбөлүгүмдү беришим керектигин айтты. Мен унааны от алдырганда ал капотко жатып алып видеого тартып баштады. Айдоочулук күбөлүгүмдү алуу үчүн сумкамды ачып жаткам, кайгуул кызматкери унаанын ачкычын тартып алды. Мен ачууланып, ачкычты эмненин негизинде жулуп алганын сурадым. Мен андан кандайдыр бир кылмыш кылдымбы деп сурап, ачкычты бер десем берген жок", - дейт ал.

Айдарова балдарды чочутуп албайын деп кызматкерге айып жазып, документтерди, ачкычтарды кайтарып берүүсүн суранган, бирок ал орой мамиле кылганын айтат.

"Кайгуул кызматкери унааны менин досум айдап баратканын айтты. Ал айдай албай турганын айтып, курбум айдоочунун жанында отурганын көрсөттүм. Кайгуул кызматкери абдан орой мамиле жасап, депутаттык күбөлүгүмдү көрсөтүүнү суранды. Көрсөткөндө колума бир чапты, күбөлүк жерге түшүп кетти. Мен ачкычтарды жана бардык документтерди тапшырышын талап кылдым. Жерге түшкөн документимди өзүм алып, эмне үчүн мындай кылып жатканын сурадым. Мени эл шайлаганын, мага сый-урматсыз мамиле жасабоосун айттым. Ал жооп катары мага "жеп жутарлар" деди. Документимди антип ыргытпа деп айттым. Ал колу тийип кеткендиктен документ түшүп кетти деди.

Мен ага окшогон маданиятсыз кызматкерлерден уяларымды айттым. Ал жарандарга кандай мамиле кылып жатканы боюнча пикирин билдирди. Ошондой эле милиция кызматкеринин огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин окуясын эске салды.

"Чын эле сенин психикаңды карашпайбы, сен мага азыр да орой мамиле кылып жатасың. Кантсе да мен чыктым, жылмайдым, мага да ошондой жооп кайтарсаңар болмок" дедим. Кызматкерге функционалдык милдеттерин билбей турганын баса белгиледим. Жооп иретинде ал менден ички иштер кызматкеринин милдеттерин айтып берүүмдү суранды. "Экзамен тапшырып жатамбы" десем, "мен дагы мыйзамдарды билбейм" деп жооп берди. Мен таң калып, сөз башында милиция кызматкери, кийин депутат болгонумду айтканымды эске салдым. Эмне үчүн анын сөздөрү карама-каршы келгенин сурадым. Ал мени шылдыңдады. Телефон чалып, эвакуаторду, прессаны чакыра баштады. Аны менен сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин түшүнүп, балдарды алып үйгө жөнөдүм.

Эгерде мен жол эрежесин бузсам, анда ал протокол түзүп, менин айдоочулук күбөлүгүмдү кайтарып бериши керек болчу, анткен жок. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу боюнча дагы мыйзам бар экенин билбесе керек. Ал бийликтин өкүлү катары өлкөнүн бардык мыйзамдарын билиши керек. Кайгуул кызматкери мага Некрасов көчөсүндөгү техникалык тейлөө станциясында бурулуш сигналдарын түн ичинде да оңдотсо болорун айтты. Мен ага кеңеши үчүн ыраазычылык билдирдим.

Эртеси документимди алганы бардым. Кайгуул кызматкерин бир саат күттүм, ал келип, документтерди өткөрүп берүү учурунда андан кечирим суроону өтүндү. Кызматкер деген бардык жарандарга сылык мамиле жасашы керек. Жакында эле кайгуул кызматкеринин ырчы Нурлан Насипти токтотуп, орой мамиле жасаган видеосун көрдүм. Бул кызматкерден мени токтоткон Жолдошту тааныдым. Анткени, ал дагы өзүн толук тааныштырбай, атын гана айткан.

Мен дагы бир нерсе айткым келет, кайгуул кызматкерлеринин психикалык саламаттыгын текшерүүнү күчөтүү керек. Анан дагы аларга да курал берилбесин дегендерди жактайм. Бул жакшылыкка алып келбейт", - деди депутат.


кошулду



aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(22)
15.04.2022. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:21
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырчыны пеш кылып нагрудной камераны жулуп сөгүнгөн шермендени коргогон журналистер аман эле болгула
15.04.2022. 23:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
18-09-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул жерде гаишник 10 мин процент туура эмес кылыптыр. Мен видеолорун толугу менен кордум. Как бывший гаишник катары айтып жатам
16.04.2022. 12:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
254
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
04-05-2022 14:51
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bikosh2015,туура мен да көрдүм
16.04.2022. 20:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
859
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:26
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bikosh2015,К....к жепсин мусор блинь.Мына мен да коруп чыктым видеону.Гаишниктер мыйзам жолунда эле иш алып барган.Эмне чондордун ойношторуна мыйзам жокбу?Мээсинде бир акыл жок дагы депутат болгонуна кантесин?Адам сыртынан өзүн бир карап алса.Качан ушундай эрке талтан,көк мээ кыздардан арылабыз?Жазасын алсын,мандатынан ажыратсын!
15.04.2022. 23:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
08-10-2017
Соӊку аракети:
27-05-2022 21:39
Жынысы:
Белгисиз
+16
Өтө эле аша чаап кеткен гаишник экен, мындайларды иштен кетириш керек, гаишник деген адамдарга жакшы сылык, кичипейил болуш керек, керсеңдебей.
15.04.2022. 23:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
16-12-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:18
Жынысы:
Белгисиз
+13
Биринчиден ал аял киши экинчиден балдары менен кетип жатат учунчудон эл окулу ушунун баарын коруп туруп ушинтип жатат булар карапайым адамды атат жон эле.
17.04.2022. 00:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:28
Жынысы:
Белгисиз
-2
Take90,туура атыш керек намаз жок жүргөндөн көрө өлгөнүн артык
16.04.2022. 00:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
358
Катталган:
25-04-2016
Соӊку аракети:
26-05-2022 22:44
Жынысы:
Белгисиз
+16
Форма кийгенде Адам озгорот. Асманда учуп калат
16.04.2022. 08:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
783
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
28-05-2022 03:39
Жынысы:
Белгисиз
-7
Нурлан Насипти билбейм,бирок бул аялдын характерин билем,бул жерде тартипти бузган,маданиятсыз,орой аял не права,200%.
16.04.2022. 20:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
859
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:26
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,Туура,бул жерге бул депутат сөрөйдун фейк армиясы келген го.Видеону көрүп чыктым.Депутат айым күнөөлүү!
17.04.2022. 01:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
783
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
28-05-2022 03:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Mister-XXX,ооба,фейктерди жалдаган экен)
16.04.2022. 14:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:21
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушундай маданиятсыз беттырмачыл депутаттардын айынан Кыргызстан өнүкбөйт
16.04.2022. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
Azat-123,сен мунун маданиятын кайдан байкадың?Анан сен биринчи толук маалымат алып анан жазсан. Тиги жожо короз ГАИ маданият, кызматтык этика дегенди такыр билбейт окшойт баарына эле көчөдөгү быдло болуп сайылатко
16.04.2022. 20:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
859
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Hooligan,Мен да видеону көрүп чыктым.Депутат мыйзамга баш ийбей жатат.
16.04.2022. 14:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:21
Жынысы:
Белгисиз
-2
Депутатсыңбы президентсиңби баардыгың мыйзам алдында бирдейсиң,
Кайгуул кызматы ырас тостубу ошол жерде токтош керек болчу
Azat-123 түзөттү 2022-04-16 14:28:49
17.04.2022. 04:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
07-02-2016
Соӊку аракети:
24-05-2022 13:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azat-123,Токтобой качып кеткен жери бар экенби? Окуп чыктынбы биринчи окуя кандай болгонун?
16.04.2022. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
01-10-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 15:56
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынын айтканда кыргыздар эчтекени которо албайбыз кимдин колуна карга чычты болду дерский болуп кетишет !гаишниги деле депутаты деле жон эле чечишип коюушса болмок да !экооно тен минус болду!
16.04.2022. 20:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
22-03-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматуу админ экинчи тарапты да сурагылачы угайлы
16.04.2022. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:21
Жынысы:
Белгисиз
+2
Danysh1,админ биринчи тараптын акчасын жеп алган:)
16.04.2022. 22:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
29-10-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:24
Жынысы:
Белгисиз
-1
видеолорду коруп чыкканда ГАИ кызматкерине чала болуптур, бир нерсе коргусу келип калган экен. Маданиятсыз, тартипсиз, деги койчу, ырас болуптур жумуштан айдалганы. Негизинен ГАИ кызматкерлеринин копчулугу ушундай ..
17.04.2022. 00:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах Аллах Аллах башкасы жок намаз окубайсынбы анда өлгөнүнор жакшы
17.04.2022. 00:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:28
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кафурлар жүрө берет ###### Катында Акылы жакшы киши үйдө болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: