Германияда иштеп, жашап жаткан Мерген Турган жаңы ырларды жаздырып, чет тилдерин үйрөнүүдө

Белгилүү пародист, ырчы Мерген Турган 2 жарым жылдан бери Германия өлкөсүндө иштеп, жашап жүрөт. Ал акыркы учурда социалдык тармактарда активдүү болуп, күйөрмандары менен байланыш түзүп, күндөлүгүндөгү окуялары менен бөлүшө баштады. Күйөрмандарынын айрым суроолору менен Мерген Турганга байланышып, учурда эмне менен алек болуп жатканы тууралуу сурадык.

Айтымында, ырчы учурда чет тилдерин үйрөнүүдө.

"Учурда Германиядамын, англис, немис тилдерин окуп, үйрөнүп жатам. Андан тышкары жаңы ырларды жаздырып, 4 ырдын үстүндө иштеп жатам. Буюрса, алдыда көп пландарым бар, аларды айтпай турайын", - деди ал.


Мерген мырза Европада ар кандай жумуштарда иштегенин, Германиянын Берлин, Гамбург, Кёльн, Франкфурт-на-Майне, Мюнхен шаарларында болуп, аталган шаарларда да эмгектенгенин айтат. "Кыргызстанды абдан сагындым, уктасам Кыргызстанда жүрөм, ойгонсом эле Германиядамын. Буюрса, Кудайым жол берген күнү мекениме барам", - деп кошумчалады ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан