Кара-Сууда шаардык кеңештин жыйынында депутаттардын бири сабалып ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү саат 16:45 чамасында Кара-Суу райондук ооруканасына Кара-Суу шаарынын Х.Р. аттуу 57 жаштагы тургуну ар кандай жаракат менен түшкөн. Бул боюнча милиция иликтөө ишин баштаган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, 15-апрель күнү Кара-Суу шаардык мэриясындагы жыйындар залында Н.А. аттуу жаран денесине жараат келтиргенин айтып, чара көрүп берүү үчүн Кара-Суу РИИБине арыз менен кайрылгандыгы такталган.
Муну менен бирге анын алган жараатынын деңгээлин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Учурда милиция иликтөө ишин улантууда.
Айрым басылмалар жабыркаган депутатты шаардык кеңештин төрагасы сабаганын жазышууда.