Бакыт Төрөбаев Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Санариптик өнүктүрүү министрлигинде ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик персонификация боюнча борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бакыт Төрөбаев санариптештирүү, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун алкагында жаңы мамлекеттик кызматтарды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ага карай калктын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал көчмө жыйындын алкагында министрлер кабинетине караштуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү менен да таанышты.

Ведомствонун милдеттерине төмөнкүлөр: мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле менчик формасынан көз карандысыз түрдө юридикалык жана физикалык жактар тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгууну өлкөнүн жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына шайкеш келүүсүн көзөмөлдөөнү камсыздоо, жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо, Кыргыз Республикасындагы жеке маалыматтарды коргоого байланыштуу абал жөнүндө калкты маалымат менен камсыз кылуу кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан