Бүгүн, 1-май күнү Бишкектеги автобекетте жарандар кичи автобустар жок болгондугуна байланыштуу аймактарга кете албай турушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"Ысык-Көл, Нарынга каттаган маршруткалар жок болуп жатат. Ал эми автобекетте эл толтура. Таксилер дагы баасын көтөрүшүптүр. Ошого карабай такси дагы таппай жатабыз. Мен Жумгалга бармакмын. Бул жактан башка эле айдоочулар 1500 сомдон берсеңер жеткирип кайра келебиз деп жатышат", - деди окурман.
Ошондой эле окурман автобекетте маршрутка күтүп турган адамдардын сүрөтүн жөнөттү.