Викрам Рузахунов Алматыдагы тергөө иштеринин токтотулушу боюнча билдирүү таратты

Мындан бир канча күн мурда Алматы облусунун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча райондор аралык башкармалыгы Казакстандагы январь окуяларында кыйноого кабылды делген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери токтотулганын жарыялаган. Буга Рузахуновдун тергөөгө катышуу үчүн Бишкектен Алматыга баруудан баш тарткандыгы себеп болгондугун белгилешкен. Соцтармак колдонуучулары буга ар кандай пикирлерин билдирип, алардын көбү "ишти аягына чыгыш керек эле" деген ойлорун калтырышкан.

Бул боюнча Викрам Рузахунов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өзү билдирүү таратты.

"Тактык үчүн... Менин кызыкчылыгымды Бишкекте адвокаттар Нурбек Токтакунов менен Бакытбек Автандил, ал эми Алматыда Елена Жигалёнок менен Рена Керимова коргоп жатат.

Коопсуздук кепилдиги жок болгондугуна байланыштуу тергөө иш-амалдарына катышуу үчүн Алматыга баруу ишке ашкан эмес. Буга Рена Керимованын айткан пикири далил:

"Рузахунов бул жакка келип көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат. Ал ар кандай чагымчылдыктан жана өмүрүнө коркунуч жаралат деп кооптонууда. Бул биздин укук коргоо органдарынын колундагы нерсе. Анткени анын катышуусу жок толук кандуу тергөө иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес. Мен апрель айында Бишкектеги сырттан сурак жүргүзүү борборуна арыз жазып, бул жактагы тергөө тобунун кызматкерлери Бишкекке барып, Рузахуновдун көрсөтмөсүн алып келүүсүн сурангам. Бирок алар мындан баш тартып коюшту", - деп билдирген жабырлануучунун кызыкчылыгын коргогон жактоочу Рена Керимова.

Мындан тышкары мүмкүн болгон коркунучтар тууралуу Нурбек Токтакунов да жазып чыккан.

Ал ортодо мен психикалык жана соттук-медициналык эксперттердин кароосунан өтүп жаттым. Биз бардык документтердин топтомун, анын ичинде январдагы окуядан соң мен дарыланган медициналык мекемелерден тастыктамаларды чогулттук.

Ошол эле учурда Казакстандагы коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынан мындай тажрыйба дүйнөдө колдонуларын көрсөткөн эл аралык тастыктама келген. Мындан улам окуяга байланыштуу керектүү көрсөтмөлөрдү Бишкектеги Ленин ИИБинин тергөө кызматынын кызматкери, милициянын лейтенанты Уланбек уулу А га бердим. Сурак 1-май күнү адвокат Бакытбек Автандилдин коштоосунда 12:15 - 15:51 аралыгында болуп өттү. Анда бардыгы 32 суроо болду. Эсимде калганы "Кыйноолорго эмне себеп болду?" деген 18-суроо", - деп жазды Рузахунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан