6-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы Аскат Мусабеков жана анын жубайы Миргүл Асаналиеванын “Өмүрлөшүмө” аталышындагы концерти болуп өттү.
Концертте жубайлар бирде шаңдуу, бирде муңдуу ырларды аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.
Кечеде “Жамиля”, “Ат-Башым”, “Өмүрлүк жарга”, “Апама таазим”, “Мөл булак”, “Сүйүү ыры”, “Аруузатым”, “Булбулум” жана башка бир топ ырлар жаңырды.
Мындан тышкары, ырчылар түрк тилинде да ырдоого жетишти.
Ал эми ырчы Аскат Мусабеков акын Элмирбек Иманалиевдин бир нече ырларын көркөм окуу менен акындын “Мунарым” ырын комуз менен аткарып берди.
Концертти “Камбаркан” фольклордук ансамбли коштоду.
Алып баруучулар: Мирзат Муканов жана Айзуура Иманалиева.
Башталышы: 18:40
Өзгөчөлүгү: Билеттердин баары сатылып, залдын элге толушу.