Өзбек чек арачылары эмне себептен үч Кыргыз жаранына каршы курал колдонгондугу тууралуу түшүндүрмө беришти

6-май күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп, анда Өзбекстандын чек арачылары үч Кыргыз жаранына каршы курал колдонуп, кийин алар октон алган жаракатынан улам каза болгон чыр-чатактын чоо-жайы боюнча өз маалыматтарын айтышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чек ара өкүлү Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгынан 50-55 метр алыстыкта гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Кыргыз жарандарына каршы курал колдонгондугунун себептерин түшүндүрүүнү талап кылган. Мындан тышкары, кыргызстандыктар каза болгон жерден 80 метр алыстыкта 2000 килограмм селитра табылган.

"Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн маалыматы боюнча Өзбек чек арачылары чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө катышкан Кыргыз жарандарын аныкташкан. Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн айтымында, чек ара бузуучуларды кармоого аракет кылып жатканда чек араны бузгандар өзбек чек арачыларына таш ыргытып, аларды Кыргызстандын аймагына сүйрөп өтүүгө аракет кылышкан. Өзбек аскер кызматкерлери жарандарга каршы курал колдонууга аргасыз болушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар төмөндөгүдөй чечимге келишти:

- чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны атайлап эмес бузган учурда чек ара кызматкерлерине курал колдонууга кескин түрдө тыюу салуу;
- кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турумун сактоо боюнча эки тараптын өздүк курамы менен кошумча биргелешкен сабактарды өткөрүү;
- Кыргызстандын Ала-Бука жана Өзбекстандын Янги-Курган багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү бардык көйгөйлүү аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун тартибин аныктоого тийиш", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле чыр-чатактарды болтурбоо боюнча эки өлкөнүн чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү жана чыр-чатактын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалгандыгы маалымдалат.

Белгилей кетсек, 5-майда Өзбекстандын чек арачылары үч Кыргыз жаранына карата курал колдонгон. Анын натыйжасында 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган Ж.А. аттуу Кыргыз жарандары Ала-Бука райондук ооруканасында көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан