"Ысык-Көлдүн" ардагер улакчылары 3-орун үчүн болгон оюнда "Сары-Өзөндү" жеңип алды

"Ысык-Көл" командасы "Сары-Өзөндү" 3:2 эсебинде жеңип, Ардагерлер лигасында 3-орунду камсыздады. Чечүүчү беттеште "Ысык-Көл" жаатынан Ринат Дыйканбаев 2 ирет өзгөчөлөнсө, Мирбек Сариев 1 салым таштады. Ал эми алардын атаандаштары "Сары-Өзөн" командасынан Алтынбек Эсеналиев менен Азамат Асыранкулов бирден улак салышты.

Белгилей кетсек, "Ысык-Көл" командасында бул жолку турнирде Раф Турсунбек уулу, Руслан Орузбаев, Улан Дүйшөбаев, Алмаз Токтомаматов, Арсен Дедиев, Мирбек Сариев, Руслан Алиев, Айбек Ракышев, Алмаз Чатов, Ринат Дыйканбаев, Тетирең Атагелдиев жана Бакыт Сулайманов аттуу ардагер көк бөрүчүлөр оюн көрсөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан