Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

"Ушул күнү биз фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен салгылашып, жалпы Жеңиш үчүн тылда жан аябастан эмгектенген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдиктерин чексиз ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз.

Согуштун оор жылдарында чыңдалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун салттары мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө кызмат кыла берерине ишенем", - деп айтылат Орусия президентинин куттуктоосунда.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана узун өмүр каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан