"6163 метр". Илим Карыпбеков Непалдагы Лобуче чокусун багындырды (видео)

КТРКнын мурдагы жетекчиси, активист Илим Карыпбеков Непал өлкөсүндөгү бийиктиги 6163 метрге жеткен Лобуче чокусун багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди.

Ал социалдык тармактагы баракчасына "Абдан кыйын чоку. Дээрлик 850 метр аралыгы катаал жумаринг аркылуу өтөт. Бүгүн 45 адамдын ичинен Илим Карыпбеков жана күчтүү бир альпинист айым чокуга чыкты. Эгер жүрөктө мырзачылык жана өжөрлүк болсо сенин ордуң ар дайым бийиктерде болот. Илим бул нерсени далилдеди", - деп жазды.

Ошондой эле Илим Карыпбеков өзү да социалдык тармактагы баракчасына бул ийгилигин Улуу жеңиш майрамына арнаган видео кайрылуу жарыялады.

"Урматтуу кыргыз элим! Гималайдын дагы бир улуу чокуларынын бири Лобуче чокусу кыргыз жигитин кабыл алды. Эртең 9-май. Атам согуштан эки буту жок келип, согуш дегенди жаман көрчү. Кыргыз элимдин желеги ар дайым бийиктерге желбиреп, жерибизде, элибизде тынчтык болуп, эч качан согуш болбосун. Жаш муундарыбыз согушту эч качан колдобосун. Тилибизди, дилибизди, рухубузду жана Манас атабызды дүйнө жүзүнө тааныталы", - деди ал.

Илим Карыпбеков Непал өлкөсүндөгү Лобуче чокусун багындырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан