реклама
super.kg logo

Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иши боюнча президенттин маалымат катчысы комментарий берди

 

"Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иштер болгон. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир-бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.

Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, "Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалып, үй камагына чыгарылган. Андан соң президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча билдирүү жасаган.





aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.05.2022. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
22-11-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 21:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Презилентти жалганчы кылбагыла
13.05.2022. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
17-04-2018
Соӊку аракети:
28-05-2022 05:52
Жынысы:
Белгисиз
+4
Toxa76,пирзидент чынчыл беле? ал да аферистердин бири да
13.05.2022. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 22:36
Жынысы:
Белгисиз
-1
mariolan,антирадикал10 көптөн бери көрүнбөй калганы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: