реклама
super.kg logo

Психологиялык зомбулуктан арылуунун кандай ыкмалары бар? Психолог жооп берет

 

Психологиялык зомбулук коомдо ар дайым эле ачык айтыла бербеген, адамдын физикалык жана руханий жан дүйнөсүнө оор кесепеттерди алып келген көрүнүш десек болот. Бүгүн дал ушул көйгөй тууралуу суроолорго психолог Нургул Джамгырчиева жооп берет.

- Психологиялык зомбулук деген эмне?

- Психологиялык зомбулук – бул бир адамдын башка адамдарга карата орой мамилеси, аларды басынтуусу. Буга жолдошуна, балдарына, ата-энесине же улгайган адамдарга карата зомбулук кирет.

Зомбулук көрсөткөн адамдын (зөөкүрдүн) максаты – зомбулук жеген адамда "өзүм күнөөлүүмүн" деген сезимди жаратуу.

- Агрессор адамды кантип билсе болот?

- Агрессор ар дайым күнөөлөйт, коркутат, сынап турат, кемсинтет, басынтат, кол көтөрөт, себеби жок кызганат, сексуалдык жактан да орой мамиле кылат, башка жакын адамдар менен катышууга тоскоолдук көрсөтөт (бир гана агрессордун уруксаты менен катышса болот), финансалык чектөө коёт же финансалык эгемендүүлүктү толугу менен жокко чыгарат (жумушка чыгарбайт, акча каражатын өзү көзөмөлгө алат). Дайыма текшерип туруу - агрессордун көнүмүш адаты (ким менен сүйлөштүң, эмне жөнүндө, видеокөзөмөлдөө жана башка).

Зомбулукка кабылган адамдын көз каранды абалынан агрессор ырахат алат.

- Үй-бүлөдөгү психологиялык зомбулуктан арылуу үчүн кандай чара көрүү керек?

● Өздүк чек араларды коргоону үйрөнүү;

● Ички балансты кармоо. Анткени зомбулук көрсөткөн адам агрессиясын сыртка чыгаруу жолдорун издейт. Бул зөөкүрдүн ички дүйнөсүндөгү негативдик. Мунун себеби зомбулукка кабылган адам эмес деген позицияны кармоого үйрөнүү;

● Бул менин тагдырым, турмушум деген ойлордон алыстоо жана чыгуу;

● Финансалык эгемендүүлүккө жетүүгө аракеттенүү (толугу менен болбосо да күнүмдүк турмушка жеткидей, анткени бул андан ары өзүн көз каранды эмес деп сезүүгө күч-кубат, дем жана ресурс берет);

● Баарлашуу чөйрөнү (тааныш, достордун санын) кеңейтүү (жашоо-турмушун агрессор менен гана чектөөдөн алыс болуу).

Эң негизги аракет - бул жабыркаган адамдын өзүнүн жашоо-турмушун өз колуна алып, өзүнө ишенүүсү жана өнүгүүсү. Ошондой эле психолог, юрист, жактоочу, балдар психологу менен чогуу чара көрүү керек.

Бул иш-аракеттердин негизинде зомбулук жеген абалдан чыгуу мүмкүн.

- Психологиялык зомбулуктан жабыр тартып жаткан адамдын белгилери...

- зөөкүрдү аяп, аны актоо сезимдери (жасаган мамилесине карабастан);

- өзүн-өзү төмөн баалоо;

- алсыздык сезимдерине чөмүлүү;

- такай тынчсыздануу;

- коркуу сезимдеринин артуусу;

- өз алдынча турмуш куруп кетүүгө ишенбөө;

- өзүнө-өзү кол салуу жөнүндө ойлонуу;

- сексуалдык жактан көңүлүнүн жоктугу (эгерде агрессор өмүрлүк жолдошу болсо);

- белгисиздик сезими (анткени агрессордун планы, көңүлү тез өзгөрүп турат);

- жашоонун кызыгынын жоголушу негизги белгилери болуп саналат.

- Зомбулуктун кандай циклдери бар?

- зомбулуктун арбындашы;

- зомбулук учуру;

- жарашуу;

- "бал айы" (зөөкүр өз жүрүм-турумун, мамилесин оңдойт, зомбулук жеген адам агрессордун өзгөрүүсүнө ишене баштайт).

- Психологиялык зомбулукка кабылган адамдын өзүн-өзү коргой албагандыгы жана өзүнө болгон ишениминин, өзүн баалоонун төмөн болушу себеп болобу же башка да факторлор барбы?

- Албетте, бул өзүн баалоонун, өзүнө болгон ишениминин төмөн болушунан келип чыгышы мүмкүн. Ошондой эле төмөнкү факторлорду себеп катары атаса болот:

* Зомбулуктун негизинде курулган мамилелерди кадимки көрүнүш катыры кабыл алуу (ата-энеси менен жашап жүргөндө көргөн учурлар);

* Коомдо маданияттуулук деңгээлинин төмөн болушу;

* Уруп-сөксө сүйгөн үчүн, сезимдери болгон үчүн деп ишенүү;

* Массалык маалымат каражаттарында зомбулукту норма катары көрсөтүү;

* Караңгы ой жүгүртүү, сабаттуулуктун төмөндүгү;

* Чечкиндүүлүк, жоопкерчилик сапаттарынын төмөндөшү.

- Бул тема боюнча окурмандарга кыскача кеңешиңиз...

- Өзүңөрдү өнүктүрүүгө аракет кылгыла, өз муктаждыктарыңарды ички сезимдериңерди түшүнүп, ошого ылайык аракет кылгыла. Жогорудагыларды түшүнгөн шартта турмуштун татаал учурларынан чыгуу жеңилирээк болот.
Жардам сурап кайрылуу - уят эмес.
Адистерге кайрылсаңыздар, алардын жардамы менен оор абалдан чыгуу жеңил болот.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
14.05.2022. 10:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
21-03-2018
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назира Айтбекованын сторисин окуп кыздуу болуштан деле коркуп калдым! Ойго келбеген, укбаган нерсенин баарын окудум. Окунучтуусу ошонун баары биздин коомдо, реалдуу жашоодо болгону! Оз чон ата, оз байке, оз тууган деген эмне шумдук!!!
14.05.2022. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
681
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:42
Жынысы:
Белгисиз
-3
Зомбулуктан кобүнчө кыздар жапа чегет. Жалгыздыктан коркуп моралдык жана физикалык кемсинтүүгө чыдабап жүрө берген жакшы эмес.

Азыр динди интурмент катары колдонуп, кыздарды массалык басмырлоонун ыкмасы болуп жатат.
Акылга, логикага сыйбаган тыюууларды таңуулоодо "дин" инстурмент болуп бара жатканы акмакчылык.
14.05.2022. 12:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
681
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:42
Жынысы:
Белгисиз
-3
Диний шарият үстөмдүк кылган жерде аялдарга эркин адам катары жашоо мүмкүн эмес.
14.05.2022. 18:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
21-03-2018
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
alimbek94,ошо диний шарият менен жашасак наоборот зомбулук азаят беле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: